Зулушев: 13,6 млн евро каражаттын кайда жумшалганын текшерүү керек

Автор -

Сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн евро көлөмүндө каражат каралган. Анын ичинде, 3 млн евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок, жарандарыбызда азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу деле түшүнүк жок болуп чыкты. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊеште сот-укуктук реформа боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутаттын айтымында, каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан сот-укуктук реформа алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн каралган 13,6 млн евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек экенин белгиледи.

«Улуттук мыйзамдар башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүбүздүн элибизге кызмат кылышы керек», — деди ал.