Мурдагы Транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18:00дө катталып, анда айдоочу унааны башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, дагы 3 киши жабыркады.
«Жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында мурунку Транспорт жана жолдор министри Аргынбек Малабаев да болгон. Учурда Малабаев Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат»,-деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.