Сагындык Келдибаев: Милиция кызматкерлери элди коргобой эле, кордоп жатат

Автор -

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сагындык Келдибаев милиция кызматкерлери катышкан кылмыш-кырсыктар көп катталып жатканын айтып чыкты.

«Мурда милиция кызматкерлери жумушка кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин кабыл алынчу, азыр андай болбой калды. Ички иштер органдарында көчөдөн келген кызматкерлер көбөйүп кеткени көрүнүп турат. Милициянын абырою түштү, кадыры кетти. Менимче, ички иштер органдарында тереӊ реформаларды жүргүзүп, кызматкерлерди тандоо ишин жакшыртпаса болбойт. Эл ишенимине ээ болмоюнча милициянын абырою көтөрүлбөйт, кадыры өспөйт», — деди эл өкүлү.

Мындай пикирди депутат Айнуру Алтыбаева да колдоп, милиция кызматкерлери катышкан кылмыштарды, анын ичинде атышууларды тизмектеп берди.

«Ички иштер министрлигинин жетекчилиги бул фактыларды көзжаздымда калтырбай, бул багытта иштиктүү чараларды көрүшү керек», — деп кошумчалады ал.