Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов жаңгак өндүрүүчү түркиялык “Атлас” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Белгилей кетсек аталган компания Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңгактын жаңы түрүн өстүрүү боюнча окутуу иштерин жүргүзүп, жергиликтүү элге семинарларды өткөрүүдө. Ага ылайык жолугушууда сунушталып жаткан жаңгак түрүнүн Кыргызстанда өскөн жапайы жаңгак токойлорунан айырмачылыгы жана анын артыкчылыктары талкууга алынды. “Атлас” компаниясынын өкүлү Сердал Ажардын айтымында сунушталып жаткан жаңгак дарактарынын айрымдары бир жылдан соң эле түшүм бере баштайт жана өтө бийик өспөйт. Мындан тышкары, отургузулган жаңгак дарактарын алгачкы беш жыл аралыгында аталган компания өзү көзөмөлгө алып, кеңешин берип турат.
Депутат Алмазбек Эргешов сунуш колдоого татыктуу экенин белгилеп, жаңгактан башка кара өрүк жана мисте сыяктуу жемиш дарактарынын да жаңы түрлөрүн жайылтуу зарылчылыгын айтты.
“Бизде жаңгак өстүрүүгө ылайыктуу аймактар арбын. Андыктан, анын түшүмдүү түрлөрүн өздөштүрүү аркылуу, Түркия сындуу өлкөлөргө экспорттоо жагын да чечишибиз керек”, – деди депутат.
Кошумчалай кетсек, “Атлас” компаниясынын көмөгү менен Чүй облусунун Сокулук районуна жаңгактын жаңы түрлөрү отургузулган.;jujhr