«Кыргызстан ЕАЭБге кошулуусунун алгачкы күндөрүнөн тарта санариптик интеграциялоо жаатында активдүү иш жүргүзүүдө», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында (Казкстан Республикасы) өтүп жаткан «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун жалпы жыйынынын жүрүшүндө.
Өкмөт башчы белгилегендей, технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы малыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасында «Санариптик Кыргызстан» аттуу беш жылдык Санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыгып, жактырылган.
«Жыйынтыгында Концепция сапаттуу санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүүгө толук түрдө өтүүнү жана калктын санариптик маалыматын жогорулатылышын шарттап, ошондой эле экономиканы санариптик трансформациялоо аркылуу экономикалык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо-шартынын жакшыруусуна алып келүүсү тийиш», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр аталган Концепциянын алкагында ишке ашырылып жаткан айрым долбоорлорго кеңири токтолду. Атап айтканда, ал санариптик байланыштын аймактык инфраструктурасы, маалыматты иштеп чыгуунун аймактык борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер, ошондой эле санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу маанилүү компонентттерди камтыган «Digital Casa – Кыргызстан» масштабдуу долбоорунун башталышы тууралуу айтып берди.
Ошондой эле Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдарды ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна активдүү кошуу жүргүзүлүп, Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуунун планы ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин, ошондой эле жылдын соңуна дейре Кыргызстандын мектептерин 100% Интернетке кошууну жыйынтыктоо пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.
«Кадрдык потенциалды иш кагаздарын электрондук жүгүртүү менен байланышта натыйжалуу пайдалануу үчүн биз адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык тутумун киргизип жатабыз. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын аягына чейин салык процедураларын электрондук фискалдаштырууну киргизүү милдети коюлган, бул мамлекеттик бюджеттин кирешесин кыйла көбөйтүп жана көмүскө экономиканы азайтууну шарттайт. Соттук-укуктук реформанын алкагында үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» жана «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ийгиликтүү ишке киргизилди, алар укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир берет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ошону менен бирге ал кошумчалагандай, киберкоопсуздук стратегиясы боюнча иштер аяктоо алдында турат, ошондой эле санариптик социалдык коргоо алкагында калктын корголбогон катмарына мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү процессин тездетүү иштери жүргүзүлүүдө.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы ошондой эле ЕАЭБ санариптик күн тартибинин артыкчылыктарын ишке ашырууга активдүү катышууда.
«Биздин өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан бир нече, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электрондук соода аянттарын интерграциялоо, кредиттик рейтингдин бирдиктүү платформасын түзүү жана кредиттик таржымал маалыматтары менен алмашуу боюнча демилгелер түшкөн», – деп баса көрсөттү Өкмөт башчы.
Форумдун алкагында санариптик кол тамганы колдонуу менен технопарктар ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кыргыз тараптан документке Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кол койду.
«Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форуму Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулган. Анын ишине ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эл аралык ири IT-компаниялардын жана IT-технопарктардын жетекчилери, технологиялык индустрия, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы эл аралык эксперттер катышты.