Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев январдын ортосунда өткөн видеоселектордук жыйын маалында өлкөдөгү кыйноолорду токтотууну буюрду.
«Анжиян облусунда көрсөтмөлөр дале болсо кыйноо, зомбулук жана кемсинтүү жол менен алынып жатканы өтө өкүнүчтүү. Союлдар жана противогаздар менен кыйноого алуу жөнүндө баарыңар эле уктуңар да. Бул жагынан Анжиян облусунун жетекчилери, анын ичинде Собиров өтө чоң тажрыйбага ээ», — деди Мирзиёев.
Мындан тышкары мамлекет башчы союлдар, противогаздар менен кыйноого алуу өңдүү эски көрүнүштөр азыркы Өзбекстанга керек эмес экенин белгиледи.
«Мурункудан калган мындай көрүнүштөр Өзбекстанга керек эмес. Дүйнө жүзү бизди карап турат. Күн сайын интернетке Өзбекстан тууралуу 1000ден, кеминде 700-800дөн макала жарыяланууда. Ал тургай Эфиопияда дагы биздин өлкө жөнүндө жазып жатышат. Биздин ар бир кадамыбыз дүйнө коомчулугунун көзөмөлүндө турат», — деди президент.