Бүгүн, 1-февралда Ош шаарын көрктөндүрүү максатында Н. Исанов көчөсүнө ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, жашоочулар жана тиешелүү ишканалардын кызматкерлери катышты. Калаа башчысы көчөттөрдү отургузуу иштери уланаарын, дарактарды сакташ керектигин айтып өттү.
Шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын алынган маалыматтарга караганда быйылкы жылы 3 миңге жакын дарак отурзулат.
«Миңдей дарак ийне жалбырактуу арчалар. Мындан тышкары 2 млн даанадай түрдүү гүлдөрдү эгүү пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.