КРнын Универсиадасы старт алды

Автор -

«Тамекисиз спорт» урааныны менен Бишкек жана Ош шаарларынын спорттук базаларында 28-февралдан 22-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Универсиадасы өтөт.

КРнын Универсиадасы студенттердин күнүмдүк жашоосуна дене тарбия жана спортту киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды тандоо максатында өткөрүлөт (Дүйнөлүк Универсиада, Азия жана студениттер арасындагы Дүйнө чемпионаттары). Мелдештер спорттун 18 түрү боюнча 3 лигада өтөт.

Жалпы командалык эсепте 1-6-орундарды ээлеген спорттук делегациялар кубоктор, дипломдор жана акчалай сертификаттар (спорттук шаймандарды, формаларды жана бут кийимдерди алуу үчүн) менен сыйланышат:

1-орунга 40 миң сом;

2-орунга  35 миң сом;

3-орунга  30 миң сом;

4-орунга  25 миң сом;

5-орунга  20 миң сом;

6-орунга  15 миң сом.

Спорттун түрлөрү боюнча 1-орунду ээлеген командалар бардык лигаларда кубоктор жана 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышат, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарга дипломдор каралган.

Бардык лигаларда спорттун түрлөрү боюнча 1-орунга татыган спортчулар медалдар, дипломдор, байгелер менен сыйланышат, бардык лигаларда спорттун түрлөрү боюнча 2-3-орундарга медалдар жана дипломдор берилет.

Бардык лигаларда байгелик орундарды ээлеген командалардын машыктыруучулары медалдардага жана грамоталарга ээ болушат.

Универсиада эки этапта өтөт:

1-этап – Олимпиадалык жана массалык спорттун түрлөрү боюнча жогорку окуу жайларындагы мелдештер;

2 этап – Бишкек жана Ош шаарларында Универсиаданын программасындагы финалдык мелдештер.

Универсиаданы өткөрүүнү даярдоо жана аны өткөрүү иштерин КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жетектейт. Универсиаданы өткөрүү түздөн-түз Мамагенттиктин алдындагы Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясына жана дирекция бекиткен башкы калыстык коллегияга жүктөлөт.

Универсиаданын финалдык мелдештеринде КРнын күндүзгү окутуучу жогорку окуу жайларынын студенттери, курсанттары, магистранттары, ординаторлору катышышат.

Универсиаданын финалдык мелдештери 2018-жылдын Универсиадасына катышуунун жыйынтыгы менен спорттун түрлөрү боюнча түзүлгөн 3 лигада бөлүп-бөлүп өткөрүлөт.

Универсиаданын салтанаттуу ачылышы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) 13-мартта болот.

КРнын Универсиадасынын программасында жалпысынан 17 спорттун түрү  жана нормативдер боюнча мелдештер каралган.

Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын бюджетинен Универсиаданы өткөрүүгө 10 млн 313 миң сом каралган.