Авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди.
Газ берүү өчүрүлүүчү аймактар:
7-февралда
— 10:00-15:00 чейин Монуев, Памирская, Фуркат, Маруфий, Бакинская көчөлөрүндө;
8-февралда
— 9:00-17:00 чейин Туран к/р, Ишматов, Шаумян, Толонов, Крылов, Физкультурная көчөлөрүндө.
«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.