Кыргызстан Дүйнөлүк кышкы универсиадага катышат

Автор -

Кыргызстан XXIX Дүйнөлүк кышкы универсиадага катышат. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясы Красноярск шаарында 2-марттан 12-мартга чейин өтө турган XXIX Дүйнөлүк кышкы универсиадага катышат.

«Биздин спортчулар спорттун 3 түрүндө таймашка чыгышат: лыжа жарышы, спортко багыттоо жана сноуборд. Бул спорттук иш-чарага катышуу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен 987 миң сом бөлүнгөн»,-деп билдирди аталган мекеменин маалымат агенттиги.

Делегациянын курамы:

Маским Гордеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Евгений Тимофеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Игорь Борисов – лыжа жарышы боюнча машыктыруучу;

Алексей Вакурин – сноуборд боюнча спортчу;

Тимур Губаев – сноуборд боюнча машыктыруучу;

Эльзар Абдыракманов – спортко багыттоо боюнча спортчу;

Алымбек Калыс уулу – спортко багыттоо боюнча спортчу;

Кубаныч Эрмеков – делегациянын жетекчиси.

Маалымат үчүн:

Мелдештерге 17 жаштан 25 жашка чейинки студенттер, мелдеш өткөрүлгөн жылдан мурунку жылы академиялык даража же  диплом алган бүтүрүүчүлөр катыша алышат. Спортчулар 11 спорттун түрү боюнча 76 медаль комплектин ойнотушат: биатлон, тоо лыжа спорту, керлинг, лыжа жарышы, сноуборд, лыжа менен спортко багыттоо, музда көркөм тебүү, фристайл, хоккей, топ менен ойнолучу хоккей, шорт-трек.