Ошто мамлекеттик Туунун 27 жылдыгы белгиленди

Автор -
265

Бүгүн, 1-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 27 жылдыгына арналган “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Вице-мэр Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан шаардыктарды куттуктап, бул күн Кыргызстандыктар үчүн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик туунун күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды патриоттуулукка , ар намыстуулукка үндөп кетем. Ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин”,— деди Кадыров.

Иш-чаранын жүрүшүндө, маданият башкармалыгы, “Келечек” чыгармачыл борбору тарабынан даярдалган концерттик прорамма орун алды. Анда патриоттуулукка үндөгөн ырлар жаңырып, көркөм окулду. Кыргыздын жоокерлери Тууну борбордук аянтка алып чыгып, өлкөнүн эркиндигин даңазалашты.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 27 жыл толду.