Чүй облусунда сот кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты (Видео)

Автор -
1726

Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, финансы полициясына “Н.И.” деген жаран Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) улук сот аткаруучусу “Н.Н.” жана сот аткаруучусу “А.А.” карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Алар кызматтык абалдарынан пайдаланышып, сүйлөшүп алышып арыз ээсин коркутуп, кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча  талап кылышкан.

Аталган арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө (пара талап кылуу) ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Ушул жылдын 4-мартында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Беловодский айылында жайгашкан жери боюнча Москва районунун САКБнын улук сот аткаруучусу “Н.Н.” жана сот аткаруучусу “А.А.”  кармалды.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча кылмыш кылды деп шектелип, пара менен кармалган улук сот аткаруучусу “Н.Н.” Бишкек  шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына бөгөт коюу чарасы  каралганга чейин киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.