Издөөдө жүргөн  Эл аралык террористик уюмдун мүчөсү кармалды

Автор -

Ушул жылдын 8-мартында эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну,Кыргыз Республикасынын жараны И.А.Ш.кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай кармалган адам 2015-жылы КМШөлкөлүрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, ЭТУэмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Туркияга жана андан ары Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин И.А.Ш. жалданмачылык катары куралдуу жаңжалдарга активдүү катышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөөгө берилген.

Азыркы убакта кармалган адам КРУКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.