Тажикстандагы сурак бөлмөлөргө видеокамералар орнотулат (видео)

Автор -

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) милицияны реформалоонун алкагында өлкөдөгү бардык сурак бөлмөлөрүнө видеокамераларды орнотууну пландап жатат. Акыркы үч жылдын ичинде ондогон жаран сурак маалында туугандары кыйноого алынганын айтып, укук коргоочуларга кайрылган.

Укук коргоочулардын айтымында, Тажикстанда айыпталуучулар кыйноого алынган фактылардын көбүн юристтер далилдей алышпайт. Адвокаттар сурактарга киргизилбей, соттолуучулар менен бир нече жумалап жолуга албай калышат.

[ads-quote-center cite=’деди “Адам укуктарын коргоо боюнча көз каранды эмес борбордун” юристи Абдурахмон Шарипов.’]“Айыпталуучу менен жолугууга анын денесиндеги тактар кеткенде гана уруксат беришет. Ишти жабуу үчүн тергөөчүгө айыпталуучунун күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөсү гана керек. Мыйзамда соттолуучунун адвокаты менен эч тоскоолдуксуз жолугуп турууга укугу бар экени жазылганы менен, ага тергөөчүнүн уруксаты керек деп кошуп жазып коюшкан»[/ads-quote-center]

ИИМ тергөөчүлөр ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган учурларга жол бербөө максатында ар бир милиция бөлүмүндө видеокамералар орнотулган атайын сурак бөлмөлөрдү ачууну пландап жатат. Мекеме бул үчүн акчаны эл аралык донорлордон алууга үмүттөнүүдө.

[ads-quote-center cite=’деди ИИМдин өкүлү.’]«Бардык милиция бөлүмдөрүн мындай сурак бөлмөлөрү менен камсыз кылуу үчүн ар бир бөлүмгө 80 миң сомониден же 8500 доллардан керек. Жалпысынан 730 миң долларга жакын каражат талап кылынат»[/ads-quote-center]

Укук коргоочулар министрликтин бул демилгесин колдой тургандыктарын айтып, бирок мындай сурак бөлмөлөрдүн иш жүзүндө жакшы натыйжа береринен күмөн санашууда.