Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын айрым аймактарында 1-4-апрелге чейин газ өчүрүлөт . Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
— 1-апрелде Ош шаарынын Жаны-Турмуш участогунда;
— 1-5-апрелде Аламүдүн айылынын Аламүдүн д., Гидростроитель, Алма-Ата, Набережная, Иваницина 60,60А; Панфилов, Кожожаш, Гоголь, Школьный; ОсОО «Шин-Лайн»;
— 2-4-апрелде Бишкек шаарынын Көлбаев, Э. Ибраев, Сокулук, Ысык-Көл көчөлөрүндө;
— 2-4-апрелде Бишкек шаарынын Исанов, Токтогул, Манас пр., Чуй пр., Сыдыков көчөлөрүндө;
— 3-4-апрелде Бишкек шаарынын Орозов, П. Лумумба, Абдраев көчөлөрүндө.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.