Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда кардар жигит эки сатуучуну сабап салды. Жигиттер ЦУМдун алдыңкы кабатындагы телефондорду саткан жайда мушташышкан.
Окуянын качан болгондугу жана чырдын чоо-жайы азырынча белгисиз.
Мушташ тартылган видео Instagram тармагында таркап кетти. Анда ак көйнөкчөн жигит атайын сабаганы келгендей, колундагы кийимди коюп туруп, анан жактан ары муштап калганын байкаса болот.
https://www.instagram.com/p/Bv0d_T9FEvS/?utm_source=ig_share_sheet&igshid=lp5zfglmhvyx































