Бишкек шаарынын мэриясы төрт эмдин ата-энесине материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде Октябрь акимиатынын башчысы Максим Ситников жаш үй-бүлөгө 90 миң сомго сертификат жана ымыркайларга керектүү белектерди ыйгарган.
Андан тышкары, ар бир ымыркайга 4 миң сомдон «балага сүйүнчү» жана ай сайын 810 сомдон жөлөкпул төлөнүп берилет.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-апрелде мамлекет башчысы жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди.
Наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.