Бүгүн, 12-апрелде парламенттин көпчүлүк коалициясынын отурумунда депутат Таабалды Тиллаев эмне себептен чек араны тактоо маселеси боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кызматтан алынганына кызыкты.
«Искандаров мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн кызматтан алынды. Кесиптештер ал маалымат алып келгенин тастыкташты. Ал күнөөнү моюнуна алды. Эгер Жеңиш Разаковдун күнөөсү далилденсе, ал да кызматтан алынат”, — деди Абылгазиев.
Белгилей кетсек, буга чейин «Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы» деген маалымат тараган эле.