Мындай окуялар тасмаларда гана болор эле. Акча талап кылуу үчүн жаш баланы уурдап, андан кийин күнөөсүз наристени өлтүрүп салуу — акылга сыйбаган иш. Уккан ар бир жандын жүрөк үшүн алып, кыжырын кайнаткан бул окуя Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болду. 7 жашар баланы анын атасынын кол алдында иштеген жаш жигит уурдап кетип, өлтүрдү деп шектелүүдө.
“ШЕКТҮҮ МАРКУМДУ КӨМГӨН ЖЕРИН КӨРСӨТҮП БЕРДИ”
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя тууралуу айтып берди:
Ушул жылдын 4-апрелинен 5-апрелине караган түнү Ноокен РИИБинин 102 кызматына Масы айылынан 7 жаштагы бала жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Ноокен РИИБинин ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзүп баштаган.
Бала 4 апрель күнү саат 16:00 чамасында жоголгон. Ата-энеси өз алдынча издеп, таппай коюшкан. Түндө баланын атасына белгисиз номерден “Балаңды тирүү көргүң келсе, милицияга кабар бербе. Банктан насыя алып, 14-апрелге чейин 120 миң АКШ долларын даярдап кой” деген СМС-билдирүүлөр келе баштаган. Бала анын колунда экендигин далилдөө үчүн WhatsАрр’тан үнүн жаздырып жиберген. Анда 7 жаштагы бала “Ата, мен бир байкелер менен кетип баратам” деп айткан. Көптүк түрдө “байкелер” деп шектүү изин жашыруу максатында атайын айттырган. Минтип коркутуу, акча талап кылуу болгондон кийин гана баланын жакындары милицияга кабар беришкен. Ошол күнү эле милиция кызматкерлери шектүү катары ошол эле Масы айылынын тургуну, 1997-жылы туулган А.Х. аттуу жаранды кармашып, бирок далилдер жетишпегендиктен кайра коё берип коюшкан. Андан кийин кызматкерлер А.Хнын артынан түшүшкөн. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга СМС-билдирүүлөр А.Х. көтөрүп жүргөн номерден келип жаткандыгы, ошол номерден WhatsАрр аркылуу баланын үнү жиберилгендиги аныкталган. Бул далилдерди көрсөткөндө А.Х. кылмышты моюнуна алган. Ал мындай кадамын баланын атасын жазалагысы келгени менен түшүндүргөн. Анткени ал жоголгон баланын атасынын курулуш материалдарын саткан дүкөнүндө ар кандай жумуштарды аткарып иштечү экен. Иштеп жүрүп, болжол менен 180 миң сомдук курулуш материалдарын 3-4 айдын ичинде өз үйүнө уруксатсыз алып кетип, пайдаланып коюптур. Дүкөн ээси аны билип калып, “ууру экенсиң” деп А.Хны жумуштан кетирип салган. Ушул “ууру экенсиң ” деген сөз ага катуу тийиптир. Дүкөн ээси анын ата- энесине да барып, “мен уулуңарга ишенип жүрсөм, ал ушунча товарды алып коюптур” деп жаңжал чыгарган экен. А.Хнын атасы насыя алып, баласынын 180 миң сом карызын жааптыр. Андан кийин баласына “сенин айыңдан насыя алдык. Эми Орусияга барып иштеп, насыяны төлө” деп 14-апрелге билет алып берген экен. Ошол себептүү: А.Х. жабырлануучуга 14-апрелге чейин акча табуу талабын коюптур. Бирок шектүүнүн ою башынан эле балан өлтүрүү болгон окшойт. Тергөөдө баланы жолдо алып баратып үнүн жаздыргандан кийин эле кур менен муунтуп өлтүрүп, айылдын , четине алып барып көмүп койгону белгилүү болду. Баланын муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн экспертиза аныктады. Шектүү баланы көмгөн жерин өзү көрсөтүп берди. Жаш баланын сөөгү табылгандан кийин кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) алмаштырылды. Башында окуя аталган кодекстин 170-беренеси {адам урдоо) менен КЖБРге катталган. Шектүү учурда СИЗОдо камакта.
«Баланын атасы карызын бербей, намысыма шек келтиргендиктен ушул ишти жасадым». Шектүү жаран мындайча көрсөтмө берген:
— Жетекчибиз фир малардан карызга товар алып иштечү. Ошол фирмалардын бирине 600 миң сомдой карыз болуп калган. Төлөй албай кыйналып жатканда, мен 170 миң сомго пахтамды сатып берип тургам. Кийин ошол акчамды сурап барсам, ал мени сөгүп, урушуп, кадырыма шек келтирди. Мен намыстанып ушул жаман ишке барууга мажбур болдум. Уулун өлтүргөндө мени шайтан азгырды, жаштык кылдым.
“Шектүүгө көп жардам бергем”
Баласы Шоятбек Тахиржановду жоготуп, каңырыгы түтөп турган 36 жаштагы Захитжан Сатибаев да көпчүлүк узаткан суроону узатып, жооп таппай жатат: Уулумда эмне күнөө?
— Мен Ноокендин Масы айылында жашайм. Бул айылда менин курулуш материалдарын саткан дүкөнүм бар. Хасан (шектүүнүн аты өзгөртүлдү) менин кол алдымда иштечү. Ал мага жумушка кирип жатканда “Мага айлыктын кереги жок. Үйүмдү оңдоп-түзөгөнгө мага курулуш материалдарынан жардам бериңиз” деген эле. Бирок күнүнө ар кандай керектөөлөрүнө деп 2-3 миң сомдон алып жатып, айына 10-15 миң сом алып койчу. Менде андан башка 2 жээним иштейт. Алар айына 8 миң сом айлык алышат.
Хасандын апасы инсульт алып, денесинин бир тарабы иштебей калган. “Апам өлүп калат” деп ыйлап келгенинен жубайым экөөбүз апасын ооруканага көрсөтүп, дарылатып, майда-чүйдө, ийим-кечегине чейин алып берип жардам бергенбиз. Дайыма жанымда алып жүрүп, колумдан келген жардамды бердим. Бир ирет дос баласы үйлөнүп тойго бармакчы болгондо костюм-шымын да алып бергем. Ал үйлөнсө, мени өкүл ата коёрун айтчу. Берген акчам айлыгынан ашып кетсе да, апасы ооруп жатат деп унчукчу эмесмин. Мунун баарына карабай, Хасан мен жокто дүкөндөн курулуш материалдарын уурдап жүрчү экен. Аны мага жардамчыларым айтып калышты. Үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, душ салды. Товар уурдап жүргөнү тууралуу айтсам, “алган жокмун ” деп туруп алды. Мен ага ошондо да жаман айткан жокмун, жумуштан кетирген жокмун. Бир аз убакыттан кийин «Мен сизге жардамчыларыӊыз чындыкты айтат бекем деп сындагам. Алар чындыкты айтышат экен, ишеничтүү балдар экен” деп актанды.
«Шектүү жалган көрсөтмө берип жатат»
Кийин Хасандын атасы келип, мага 170 миң сом карматып, “Сенде туруп турсун. Баламды уйлөндүргөндө жардам бересиң” деп кетип калган. Эсептесем, алар мага 146 миң сомдой карыз экен. Кечке маал Хасанды чакырып, 146 миң сомду алып калып, 24 миңди колуна карматып кетирдим. Өзүбүз бирөөнү алдап пайда көрөлү деген жандар эмеспиз. Бир телеканалдан Хасан мени “170 миң сом алып бербей койду” деп көрсөтмө берип жатканын угуп калдым. Ал жалган. Ооба, 170 миң сом берген. Бирок ал мага карызын берип жатпайбы, артканын мен кайтарып берип жатам. Эмнеге 146 миң сом карызын кошо айтпайт?
Бир ирет «Захит байкеде 50 миң акча бар, ошол акчага товар ала бергиле” деп атасын жөнөтүптүр. Кайдагы 50 миң сом? Хасан азыр да мага 2-3 миң сом карыз. Аны деле сурабай жүргөм. Ата- энеси “Баламдын акчасын бербей кыйнап жатат” деп айтып жатышыптыр. Андай болсо, “Эмнеге бербей жатасың?” деп өзүмө келишпейби.
Хасан мындан башка да жагымсыз жоруктарды жасады. Менин атыма жаздырып кийим-кечек, бир ирет телефон алып алыптыр. Бул кылыктарын уккандан кийин ал бала ишеничимден чыкты. Бирок анда да жумуштан кетирген жокмун. Эртең менен өз унаам менен аны үйүнөн алып кетчүмүн. Алып кетпей калдым. Ошону менен экөөбүз сүйлөшпөй жүргөнбүз.
«Хасандын таламын талашып, милиция кызматкерлери менен уруштум»
Хасан дайыма үйгө келип турчу. Кээде жатып кетчү. Ошондуктан үй-бүлөм аны жакшы тааныйт. Каза болгон ортончу балам ага жакын болчу. Ошондон пайдаланды окшойт.
4-апрель күнү уулумду таппай издедим Анан мага бирөө чалып, “бала менде. Насыя алып, 10 күндүн ичинде 120 миң доллар даярдап кой” деп сөгүнүп-сагынып сүйлөдү. Уулум менен да сүйлөштүрүштү. Ал “Мени байкелер бир жакка алып кетип жатышат’: деди. Кимдер экенин сураганча болбой сөгүнүп, коркутуп телефонду өчүрүп салды. Кайра чалсам албай койду. Андан кийин жалаң СМС жазды. Мен байкеме айтсам, ал Жалал-Абал ОИИБинде иштеген тааныштарына айтыптыр. Милиция кызматкерлери келип баламды издей башташты.Камераларды карашты. Ал күнү Хасандын унаасы дүкөнгө 4 жолу келиптир.Бирок баланы алып чыкканы камерага түшпөптүр. Хасан кайсы жакта камера бар экенин билет. Баланы камера жок жер менен алып чыгыптыр. Милиция кызматкерлери Хасандын Nissan Х-Тrail үлгүсүндөгү унаасын камерадан көрүп шектенип жатышканда, “ага тийбегиле, анын апасы ооруйт ” деп алар менен урушуп шектүүнүн таламын талашканымды кантейин?! Анан эле 5-апрель күнү саат 4төр чамасында уулумду өлтүрүп койгонун уктум. Уулумду өлүк сактоочу жайдан үйгө алың келип, жерге бердик. Аны кайдан таап келишкени, кантип өлтүргөнү тууралуу эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Баламдын денесин көргөнүмдө башына урулган тактар бар болчу. Тили сыртка чыгып кыйналганы көрүнүп турат. Моюну кызарып калыптыр.
«Уулумда эмне күнөө? Мени менен сүйлөшпөйт беле…»
— Каза болгон уулум Шоятбек 3 баламдын ортончусу. Канымдан чыккан балапанымды жерге берип каңырыгым түтөп отурам. 10 балам болсо деле ар биринин өз орду бар да. Хасандын маселеси бар болсо, мени менен чечишпейт беле? Баламда эмне күнөө?
Кызыгы, Хасандын ата-энеси баласы жок болсо, дайыма мага чалып сурашчу. Уулум жоголгондо ал тууралуу айылдын баары укту. Ата-энеси бир жолу чалып өзүнүн баласы тууралуу да, биздин абалыбызды да сурап коюшкан жок. Келип балама куран окутушкан жок. Чынында аларды көргүм келбей калды. Аттарын да атагым келбейт. Ата-эне баланын жалган айтып жатканын билет, сезет. Баласын карашпайт беле. Күнөөсүз наристени өлтүрүп баарыбызды азапка салды. Ушундай ишке кантип колу барды? Эми ал колу менен кылганын моюну менен тартсын. Тиешелүү жазасын алсын.
Булак: Super.kg. №859, 19-апрель, 2019-жыл.