Абылгазиев: 2018-жылы Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кыла алды

Автор -

Өткөн жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде өлкөнүн экономикасы үчүн кыйла сынаакы мезгили болду. Биз түзүлгөн кырдаалды туура баамдап, оӊ жыйынтык чыгардык. Өкмөт мына ушундай өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүштү камсыз кыла алды. Мында биргелешип иш алпарган Президенттин, кыргыз парламентинин, аткаруу бийлигинин кошкон салымы бар. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башы башкы милдет макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын мамлекеттик бийликке карата ишенимин бекемдөө болуп санала турганын баса белгиледи. «2018-жылы экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайызга аштын. Жыл жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 557,1 млрд сомго жетип, иш жүзүндөгү өсүү 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду”, — деди ал.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады ал.’]“Экономикабыз “Кумтөргө” байланып калган экен, менимче бул чоӊ жаӊылыштык болон, муну оӊдошубуз керек”[/ads-quote-center]

Макроэкономикалык өсүш 3,5 пайыз деңгээлинде болуп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДӨ боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болгон. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин бүгүн, 24-апрелде өтүп жаткан жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Парламентте өкмөт башынын отчетун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.