Сулайманов: Уктап отурган губернаторлорду кызматтан бошотуу керек!

Автор -
265

Жакында эле Ош шаарында өткөн жыйында Президент сүйлөп жатса, көптөгөн аткаминерлер уктап отурушканын көрдүк. Алардын арасында эки губернатор дагы бар. Ушундай өкүлдөрдүн кимге кереги бар? Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ансыз деле эч нерсе чечпей калышты, аларды жоюш керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар? Деги, жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин так жообу жок. Акимдер менен Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ошол бойдон кала беришеби?»[/ads-quote-center]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында айрым бир түзүмдөрү ашыкча болуп жатканын моюнга алды.

[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Ушул сындуу бир катар сунуштамалар бар. Эми, бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатат, аны кылдат иликтеп чыгып, анан ошого жараша сиздер биргелешип чечебиз»[/ads-quote-center]