Жогорку Кеӊеште Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берип, айылдарда жумушсуз адам жок экенин балп этти.
Уккандар кулагына, көргөндөр көзүнө ишенбей делдейишти. Айрымдар тамашалап жатабы деп элейишти. Иш кайнап жатса, анан эмнеге шордуу эл иш издеп чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатышат деген жөнөкөй суроо өкмөт башчынын башына келген жокпу деген суроо туулат? Же элди макоо көрөбү? Калпты дагы ченеп-бычып айтыш керек го өзү…
Булак: «Фабула.kg» гезити. 2019-жыл