Батукаев маселеси боюнча жакында Салянованын дагы бет пардасы сыйрылабы?

Автор -
330

Чиркин, адам болгондон кийин «пендечилик» деген болбой койбойт да. Канчалаган кадыры, арттырган аброю туруп бир иш үчүн болгон сый-урматтан кол жууш жаман экенин пенде убагында сезсе кана?

Ырас, кезинде мамлекет үчүн айым башы менен бир топ олуттуу маселелер жаатында эмгек жасады. Бирок бир иш менен бүтүндѳй карьерасына кѳѳ жаап албадыбы. Сѳз экс-депутат, мурунку Башкы прокурор Аида Салянова жѳнүндѳ жүрүп жатыры.

Маселен, Аида Салянова депутат кезинде, азыр деле кайсы маселе болбосун ѳз пикирин билдирип, ѳз кѳз карашын айтып келет. Айрыкча Атамбаевди соккон пикирлери байма-бай айтат. Бирок баягы Азиз Батукаев боюнча сѳз козголсо эле унчукпай, балыктын образында олтуруп бергени бир топ күмѳндүү ойлорду жаратпай койбойт.

Демек, бүгүнкү күндѳ бүйүр кызытып турган Батукаев маселеси боюнча жакында Салянованын дагы бет пардасы сыйрылабы?

Булак: «Де-факто» гезити.