Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ, 11-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши каралды. Адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдиргендей, сотто прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана ага 100 миң сом ѳлчѳмүндѳ айыппул салууну сурады.
Жараянда тараптардын жарыш сѳзү болду. Кийинки териштирүүдѳ айыпталуучуга акыркы сѳз берилет.
«Келээрки жараян 19-июнга белгиленди. Конгантиев акыркы сѳз айткандан кийин сот чечими чыгат. Азыр айыпталуучунун акыркы сѳзү эле калды» деди Айткулов.
Сотто Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да жараянга чакырылганына карабай, келбей койгону айтылды.
2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Анын «кылмыш аракети жок» деген жүйѳѳ менен кыскартылып кеткенин ошол эле жылы УКМК да бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергѳѳнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Башкы кѳзѳмѳлдѳѳчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнѳ баа бериле турганын маалымдаган. 2018-жылдын 12-декабрында мекеме Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарып, аны кайра жанданткан.
Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.