Ош шаарынын айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:
— 18-июнда Ишматов, Шаумян, Толонов, Крылов, Туран кичи районундагы Физкультурная көчөсүндө;
— 19-июнда Зайнабетдинов көчөсүндө.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.