Азыркы кезде саясатчылардын арасынан кимди жек кѳрѳсүз деген сурамжылоо жүргүзѳ турган болсоң, биринчи орунга Иса Ѳмүркулов чыгаарынан шек санабай койсоң болот.
Исанын ысымын укканда куйкасы курушпаган, жийиркенбеген адамды табыш кыйын. Салаага токтобой кумдай куюлуп, сымаптай мѳлтүлдѳйт го чиркин. Мына жакында эле коомчулук чуу түшүп жатып уранды каздырбай койду эле.
Иса Ѳмүркулов болсо кесиптештеринин уран казууга тыюу салган мыйзамы чала, шашылыш экенин айтып куйругун бултактатууда.
Бул деген «мени премьер кылсаңар уранды иштетип» берем деген коңгуроо кагып, жыландын башын чыгарып жатканы…
Булак: «Фабула» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.