ЖКда туракжайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу мыйзамы талкууланды (Видео)

Автор -
354

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Жыйында КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору, барынан мурда, мыйзамда камтылган тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жана бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу укугун берүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзам долбоору менен тараптардын макулдашуусу боюнча турак жайдын сапатына жараша камсыздандыруу суммасынан 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу франшизасын (франшиза – милдеттүү камсыздандыруу келишими) белгилөөнү сунуш кылат. Камсыздандыруу франшизасы камсыздандыруу учуру жаралганда камсыздандыруучуга төлөп берилбеген акча суммасы болуп саналат. Ал камсыздандыруу уюмунун тобокелчилигин азайтууга жана камсыздандырып ордун толтурууга чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору менен мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын суу каптоо, узак жаан, жер алдындагы суунун деӊгээлинин жогорулашы, катуу жаан сыяктуу бир катар түрлөрүн алып салууну сунушталууда.

Талкууда депутат Тариэль Жоробеков суу каптоо, жер алдындагы суунун деӊгээлинин жогорулашы сыяктуу учурларды баалоо кыйындап жатат деген баяндамачынын пикири менен макул эместигин айтып, мыйзам долбоору менен киргизилип жаткан мындай өзгөртүүнү камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн качкандык катары баалады. Депутат Кенжебек Бокоев бул мыйзам 3 жыл мурун кабыл алынганда атайын мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздоо иштерин жүргүзүүсү керектиги белгиленип, кабыл алынгандыгын эске салды. Ал мыйзам долбоору менен мамлекеттик камсыздандырууну жоюу сунушталып жатканын айтып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди. Ошону менен катар долбоор менен суу каптоонун түрлөрү өтө кыскартылып салынгандыгын сынга алды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.