Салык кызматы «Чоң-Капка» пунктунан 725 миң сом суммадагы килем ташып бараткан унааны кармады

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 27-июнда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан болжол менен жалпы 725 миң сом суммасындагы 433 даана килем ташып бараткан автомашинаны кармашты.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) өткөрүлүп берилди.