Өзбек коомчулугунда гомофобдук маанайдын күчөшү менен өлкөдө адам укуктары бузулган учурлар көбөйүп, коррупциянын өсүшүнө шарт түзүлүп жатат.
Бул тууралуу өздөрүн Өзбекстандын Кумсалар, лесбияндар, бисексуалдар жана трансгендерлер (ЛГБТ) коомунун мүчөчөлөрүбүз деп тааныштырган активисттер билдиришти.
«Бүгүнкү күндө консервативдик жана гомофобдук көз караштагы колдонуучулар ЛГБТ өкүлдөрүн кармап, кемсинтип, сабап жатканы тартылган видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат. Мындан тышкары интернет-басылмаларда адамдар гомосексуализм үчүн түрмөгө камалып жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда. Биз бул маалыматтардын баарын топтоп, Human Rights Watch уюмуна берели деп жатабыз. Биздин максат – Өзбекстандын Кылмыш кодексинен 120-беренени (Бачабаздык) алдыруу. Бул берене адамдарды сотсуз жазалоого жана коррупцияга жол ачууда. Биздин кайрылуубуз Мирзиёевге БУУнун трибунасы аркылуу жетерине үмүттөнөбүз», – деп жазылган кайрылууда.
Активисттердин бири алар мындай жол менен президенттин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурууну каалашканын билдирди:
– Бизди социалдык түйүндөр менен мессенжерлерде «ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы аңчылыкка чыгып, аларды жазалай турган» адамдардын топтору түзүлүп жатканы тынчсыздандырууда. Алар ЛГБТ өкүлдөрүн опузалап, акча өндүрүү менен алектенип жатышат.
Активисттердин айтымында, Өзбекстандын ЛГБТ коому негизинен билимдүү, дүйнө таанымы кенен жана бир нече тилде эркин сүйлөгөн жаштардан турат.
– Башка бардык өзбекстандыктардай эле биздин да укуктарыбыз бар. Биз ошолордун сакталышын талап кылабыз. Өзбекстан ЖМКларынын ЛГБТ өкүлдөрү кемсилтилген учурларды чагылдырышын каалайбыз, — деди активисттердин бири.