Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]«7-августтагы факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264 жана 266-беренелери (“массалык башаламандык” жана “бейбаштык”) боюнча каттоого алынды. Кагылышуудан Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жаракат алган 47 киши кайрылган, алардын 22си УКМКнын жана эки киши ИИМдин кызматкерлери. Арасында 23 жай тургун бар. Андан сырткары, ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду»[/ads-quote-center]Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.