Кундуз Жолдубаева сурак берип бүткөн соң бошотулду. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак бергенин маалымдады. Ал азыр бошотулду.
Бирок, алар менен чогуу кирген Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жан сакчылары боюнча маалыматы жок экенин айтты.
Белгилей кетсек, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап алып кеткен. КСДПнын өкүлдөрү Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алынып келингенин кабарлашкан.