Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы тандалды

Автор -
414

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин кармалат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, УКМКга Биринчи Май районунун судьясы Адылбек Субанкулов чакырылды. Сот Атамбаевди 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

«Кармоо жана зордоп алып келүү тууралуу документти эч ким көрсөткөн жок. Азиз Батукаевдин иши боюнча шектенүүнү кабарлоого чейин эле документтер даярдалганына эч ким жооп берген жок. Алмазбек Атамбаевге билдирүүнү берип, дароо эле баш коргоо чарасын тандашты», -деди ал.

Эске салсак, мурунку, 8-августта Атамбаевди кармоо операциясын ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев багынып берди.

Кечээ саат 21:00дө мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармап УКМКнын имаратына сурак берүүгө алып келишкен. Анын жанында жактоочусу Сергей Слесарев бар. Азырынча саясатчыга кандай айыптар тагылаары белгисиз.