Кант, Токмок жана Бишкектин айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кант шаарында;
-14-15-августта Гагарин көчөсүндөгү №13а, 14а, 15а, 19а, 19б үйлөрү;
Бишкек шаарында;
-15-16-августта Киев, Тоголок Молдо, Токтогул, Исанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;
Токмокто;
-15-августта Татарская, Казакстанская, Береговая, Пролетарская, Интернациональная, Узбекская көчөлөрүндө.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.