Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Автор -

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады. Бул туурасында мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар боюнча Раззаков жана Панфилов көчөлөрөнүн кесилишинде орун алган 3 таштанды контейнер өрттөлүп, 84 темир тосмолор сынган. Ал эми Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Коопсуз шаар” камералары талкаланган.

Белгилүү болгондой, мэр Суракматов укук коргоо органдарына жардамга жүргүнчү ташуучу автобустарды жөнөткөн.  Түнкү окуялардын натыйжасында 29 даана эски муниципалдык автобустун терезелери, күзгүлөрү талкаланган, бир тобунун темиркаркасы кыйшайып калган. Алдын ала божомол боюнча, автобустарды оңдоого эки миллион сом керектелет. Күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу убактылуу жумушсуз отурат.

Ошондой эле калаа башчысы жетиштүү деңгээлде иш аткарбаган жетекчилердин жоопкерчилиги да карала турганын эскертти.