Talco Gold тажик-кытай биргелешкен ишканасы Тажикстандын түндүгүндө баалуу металл өндүрүүгө даярданууда. «Настоящее Время» кабарлагандай, кендердеги алтындын запасы 50 тоннадан ашат.
Бул жерден сурма да казып алуу пландалууда. Таза куймалар 2020-жылы ушул жерде салына турган металлургиялык комбинатта даярдалат.
ТАЛКО компаниясы даяр продукция чыгаруу үчүн кытайлык инвесторлор менен макулдашканын, алар металлургиялык комбинат курарын билдирди.
Кытай тарап долбоор үчүн 200 миллион доллар инвестиция жумшоодо. Кийинки жылдан тарта металлды кайра иштетүү башталары пландалууда. Talco Gold компаниясынын өкүлү Чжоу Ву жогорку кубаттуулуктагы линиялар тартылганын, өтмөк салынганын билдирди. Эми дамба, канал жана калдык сактоочу жай курулат.
Тажикстанда алтындын 80 пайызын кытай-тажик биргелешкен компаниясы өндүрөт.