Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун чекесиндеги бордюрду сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен, 3 адам ар кандай жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөүп беришкен.