Момбеков:Турдакун Усубалиевдин ысымын авто унаа токтотуучу жайга бергенибиз уят!

Автор -
252

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-сентябрдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөөгө даярдыктарды көрүүдө көптөгөн алешемдиктер, туура эместиктер болуп жатканын айтып, Өкмөттү катуу сынга алды.

[ads-quote-center cite=’деди Р. Момбеков.’]«Президентибиз Сооронбай Шарипович ушул жылдын 4-февралында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Анда максатын да белгилеп кеткен. Мамлекеттин экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна эбегейсиз салым кошкон инсандын жүз жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленсин деген Жарлык чыгарган. Бул ишти уюштурууну Президент Өкмөткө жүктөгөн, Өкмөт учурда бул боюнча иштеп жатат. Бирок Т. Усубалиевдин Кочкордогу туугандары аткаруу бийлигинин уюштуруу иштерине нааразы болуп атышат. Мааракени уюштуруу комиссиясын өкмөт башчы өзү жетектебей орун басарына өткөрүп койгонун айтышууда. Мамлекеттик деңгээлдеги ишти өкмөт башчы өзү аткарсын да! Ч. Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнү С. Жээнбеков өзү башкарган. Эмне үчүн Т. Усубалиевге келгенде орун басарына жылдырып койду? Бул биринчи таарыныч.

Экинчи таарынычы, Бишкек мэриясы Т. Усубалиевдин ысымын эски аянтка беребиз деп атат. Уят эмеспи! Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген эскилик эмес, кемчилик! Өзбек президенти парламентке сунушун киргизип, Жизак районуна Шараф Рашидовдун атын берди. Казак парламенти 6 мүнөттө Астананы Нур-Султан кылып койду. Бирок тирүү адамдын аты берилбейт, тирүү адамдын ашы берилбейт дейт. Кунаевдин атында көчө, академия бар. Азербайжанда кандай кылып Г. Алиевдин атын түбөлүккө калтырып атышканын айтпай эле коеюн. Биз болсо мамлекетти 25 жыл башкарган адамдын ысымын Өкмөттүн алдындагы унаа токтотуучу жайга берип жатабыз. Ушул мартабалуу мамлекеттик ишмерге кыла турган мамилеби?! Туугандары бере турган болушса Биринчи Май районуна беришсин, бергиси келбесе жөн эле коюшсун деп атышат. Биз артык кылабыз деп тыртык кылбашыбыз керек. Керек болсо биз отурган Акүйдү да Т. Усубалиев бюджеттен бир тыйын албай курдурган. Биз дагы, Жогорку Кеңеш тиешелүү токтом кабыл алып беришибиз керек»[/ads-quote-center]