АКШ Ооганстан боюнча атайын өкүлүн чакыртып алды

Автор -

АКШ «Талибан» кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадды чакыртып алды. Бул тууралуу 8-сентябрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Fox News телеканалынын эфиринде билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди Помпео.’]«Учурда тынчтык сүйлөшүүлөрү убактылуу токтотулду. «Талибан» зомбулуктун масштабын азайтуу үчүн зарыл болгон милдеттенмелерин аткарууну каалабаганын же колунан келбей турганын көрсөттү»[/ads-quote-center]

Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын лидерлери жана ооган президенти Ашраф Гани менен пландалган жолугушууну токтотконун билдирген. «Твиттердеги» билдирүүсүндө ал буга 2-сентябрда Кабулда 12 кишинин, анын ичинде америкалык аскерлердин өмүрүн алган жардыруу себеп болгонун жазган.

Трамп буга чейин «Твиттердеги» баракчасына 11-сентябрдагы кол салуунун 18 жылдыгына чейин эки тараптын өкүлдөрү менен Вашингтондун четиндеги Кэмп-Дэвид резиденциясында жолугушууну пландаганын жазган.