Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кыргыз-казак чек арасында жыгач материалдарды, суу түтүктөрүн, генераторлорду мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка таянсак, «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пунктунда баасы 47.2 млн. сом болгон генераторду ташып бара жаткан 2 автоунааны кармалган. Текшерүү учурунда, товар ташуучулардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Андан сырткары, ушул эле өткөрүү пунктунда жыгач материалдар кармалган.
«Ак-Тилек-автожол» текшерүү пунктунда 80 миң метр суу түтүктөрүн мыйзамсыз, эч кандай тиешелүү документтери жок алып кетип бара аткан автоунаа кармалган.
Мыйзам бузуучулардын материалдары Финансы полициясына өткөрүлүп берилди.