Атамбаевдин жансакчысы Сагынбаев адам өлтүрүүгө айыпталууда (Видео)

Автор -
328

Кечээ Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп кызмат өтөгөн мурдагы УКМК кызматкери Канат Сагынбаевди камакка алды. 7-8 августтагы Кой-Таш окуяларында Сагынбаев УКМКнын 9-кызматынын кызматкери катары берилген буйрук боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоп келген. УКМК башчылары Сагынбаевди Кой-Таштан чакыртып алган эмес, «Альфа» спецназына көмөк көрсөт деген да буйрук берген эмес.

Бүгүн Сагынбаевдин жактоочусу прокуратура Сагынбаевге төрт берене боюнча айып тагууда деп билдирди, алардын ичинде «Топ адамдар менен киши өлтүрүү» деген да бар.

Атамбаевдин жансакчысына дагы кандай айыптар тагылууда? Деги аны камакка алып, кылмыш иш козгоого негиз барбы?

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы каралат.