Лениградда кыргызстандык жаран 37 жаштагы аялды сүзүп кетти

Автор -

Орусиянын Лениград облусунда кыргызстандык жаран унаасы менен 37 жаштагы аялды сүзүп кетип, жабырлануучу кырсык болгон жерде жан берген. Бул тууралуу «newtv.kg» агенттиги орусиялык басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка тянсак, кыргызстандык жаран “ГАЗель” үлгүсүндөгү автоунаа айдап бара жатып, Бокситогорск районунун Вологда- Тихвин- Кола жолунда велосипедчен бара жаткан айымды сүзгөн.

Милиция айдоочунун Орусияда мыйзамсыз жүргөндүгүн, ага 2021-жылга чейин аталган аймакка кирүүгө тыюу салындыгын аныктаган. Ал камакка алынып, козголгон кылмыш ишинин негизинде териштирүү иштери башталган.