Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 9-11-октябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Васильев, Манас, Көкчө-Тоо жана Махатма Ганди көчөлөрү менен чектешкен аймактарда газ жок болот.
Жалпы жонунан 516 абонент көгүлтүр оту жок калмакчы.»
«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.