Тажикстандын Жайхун районунун жашоочусу Эмом Забиров 18 жаштагы келинин суицидге түрткөнү үчүн 5 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Прокурор аны 8 жылга кесүүнү сураган.
Забиров быйыл июнь айында кармалган. 64 жаштагы Эмом Забиров жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.
Гулбахор Фаромарзова 2018-жылы турмушка чыккан. Жарым жылдан кийин жолдошу иштөө үчүн Орусияга кеткен. Ал 2019-жылы 15-апрелде өз үйүнүн сарайында муунуп өлгөн. Маркумдун күйөөсүнүн туугандары Гүлбахордун психикасы туруктуу болбогонун, бул трагедияга алып келгенин билдиришкен. Бирок соттук-медициналык экспертиза маркумдун ден соолугу чың экенин аныктаган.
Тергөө органдары кайната келинин дайыма кемсинтип, катуу мамиле жасаганын тастыкташкан.
Соттолуучунун туугандары өкүмгө макул болбой, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышарын билдиришти.