Арстан Алайдын билдирүүлөрү экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди Зайырбек Эргешов.’]«Теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эмес. Ал эми өзүн «Кудаймын» деп жаткан адамдын айткан сөздөрүнө жараша экспертизага материалдар жөнөтүлгөн. Ошого карата чаралар көрүлөт»[/ads-quote-center]Анын маалыматында, өлкөдө каттоодон өтпөгөн 20 уюм экстремисттик деп табылды.
Белгилей кетсек, Арстан Алай өзүн «Ааламдын кудайы» деп жарыялап, президент Сооронбай Жээнбековдон президенттик кызматты ага бошотуп берүүнү талап кылган.