Компьютердик оюндар социалдык социалдык көйгөйгө айланууда. Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Бул тууралуу депутат Орозбек Алыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
[ads-quote-center cite=’ деп кошумчалады депутат.’]«Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азгырылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында рекламалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан андай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз»,[/ads-quote-center]