Бүгүн, 26-июнда Токтогул районундагы унаа кырсыктан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун Өрүктүү тилкесинде болгон. 8 адам бара жаткан «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна түшүп кеткен. Андагы жүргүнчүлөрдүн ичинен ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын аты-жөнү:
— Алай районунун 1963-жылы туулган тургуну С.Э. Анын буту сынган;
— Өзгөн районунун тургуну Н.А. Башынан жаракат алып, денеси көгөргөн;
— Өзгөн районунун 1948-жылы туулган тургуну Ж.Ж. Башынан жаракат алып, денеси көгөргөн;
Ал эми Алай районунун 1996-жылы туулган тургундары Т.Дөөлөткө, Ж.Нурсултанга жана Өзгөн шаарынын 1985-жылы туулган тургуну И.Хусанга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, алар үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Чычкан суусуна түшүп кеткен унааны суудан чыгарганда И.М аттуу жарандын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.
Учурда 25-30 жаштагы кызды издөө иштери жүргүзүлүүдө.