Кырсык: Ошто жөө жүргүнчүнү эки унаа коюп кетти

Автор -
0

Ош шаарында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды,-деп билдирет шаардык ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Масалиев көчөсү аркылуу «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү коюп кетип, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Андан соң жабыркаган жаранды «Хонда Фит» унаасы сүзүп, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Натыйжада жөө жүргүнчү алган жараткатарынан улам жеринде каза болгон. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.

Эки саттан кийин биринчи унааны ЖЭБдин жанынан табышкан, бирок айдоочу жок болгон.

«Жол кырсыгына шектүү Т.Т., аттуу тургун окуя жүз бергенде коркуп, кырсык болгон жерден кетип калган. Айдоочу унаасын бир жума мурда эле сатып алган»,-деп жазылат маалыматта.

Айдоочу убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Экинчи унаанын айдоочусу азырынча табыла элек. Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү