Жол кырсыгына шектүү Чыӊгыз Анарбек улуунун үстүнөн кылмыш иши козголду

Автор -
705

Москванын борборунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Кыргызстандык айдоочу Чыӊгыз Анарбек улуунун үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Москванын полициясы Ильинка көчөсүндө 16-июнда болгон жол кырсыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркады, алдын ала маалыматка караганда, таксинин айдоочусу рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып кеткен.

Иш Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин (Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) негизинде козголду.

Москва өкмөтүнүн Жол кыймылын уюштуруу уюмунун борборунун маалыматы боюнча, унаа каражаты “Чекпоинт” компаниясына таандык болгон.  Аталган компания жабыр таркандардын дарылануусуна көмөктөшөт.

ИИМден кабарлашкандай, жол кырсыгынын болжолдуу себеби – айдоочу унааны башкара албай калгандыктан келип чыккан. Ал 20 сааттай уктай элек болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн Чыӊгыздын апасы менен эжеси Москвага учуп кетишти.

https://youtu.be/eNMGzOwKRoY