Райымбек Матраимов кайрадан кызмат ордуна келиши мүмкүн

Автор -
239

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская Матраимовду кайра өз кызмат ордуна дайындалышын өтүндү.

«Эч бир жерде ооруп жатканына байланыштуу ишке чыкпай жаткан адам кызматынан алынган эмес. Андыктан  Матраимовду кызматтан алууга өкмөт башчынын укугу жок болчу»,-деп билдирди жактоочу.

Соттун кийинки отуруму 17-майга саат 14:00гө дайындалды.

Эске салсак, 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Исаковду сотко берген.