Кытай АКШнын аскердик кемелерин Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактарына кирип барууга айыптады.
Буга чейин Reuters агенттиги америкалык расмий адамдарга таянып, АКШнын Higgins жана Antietam аскер кемелери Кытай өз аймагы деп эсептеген талаштуу Парасель аралдарынан болжол менен 19 чакырым алыстыктан өткөнүн кабарлаган.
Кытай ТИМи америкалык кемелер деңиз сууларындагы 12 милялык аймакты бузганын билдирди. Пекин аталган аймакка өзүнүн кемелери менен учактарын жөнөтүүгө аргасыз болгонун жана мындан ары дагы «өлкөнүн көз карандысыздыгы менен коопсуздугун коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүсүн» уланта турганын белгиледи.
АКШ өз кемелеринин бул аракетин Түштүк-Кытай деңизинде кеме жүргүзүүгө Пекин тараптан киргизилген чектөөлөргө каршы туруу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Пекиндин бул аймактагы саясаты менен макул эмес экенин буга чейин АКШнын жогорку кызматтагы бир катар өкүлдөрү, анын ичинде президент Дональд Трамп дагы айткан.
Парасель аралдары — Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактардын бири. Аларга ээлик кылуу укугун Кытай менен катар Вьетнам, Бруней, Малайзия, Филиппин жана Тайвань өлкөлөрү талашып келишет.